Жогорку Кеңеш быйылкы президенттик шайлоону 15-октябрда өткөрүүнү колдоду. “Президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөр үчүнчү окууда каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Мыйзамга ылайык, президенттикке талапкердин күрөөсү 100 миң сомдон миллион сомго чейин жогорулайт. Андан тышкары көз карандысыз байкоочулардын шайлоо маалындагы ыйгарым укуктары чектелет. Жарандык коом бул өзгөртүүлөргө каршылык билдирип келген.
Мыйзамды парламенттеги түрдүү фракциялардын депутаттары иштеп чыгышкан.
Президенттик шайлоо алгач 19-ноябрда өтөрү айтылган болчу.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ