Кечээ, 18-июнда “Ата-Мекен” фракциясынын абакта олтурган лидери Өмүрбек Текебаев 15-октябрда өтө турган президенттик шайлоого талапкер катары документтерин БШКга тапшырды. Албетте Текебаевдин атынан шайлоо комиссиясына документтерин анын расмий ишенимдүү өкүлдөрү өткөрүштү. Бул тууралу “Ата-Мекен” фракциясынын катчылыгынын жетекчи орун басары Канат Азиз билдирүү жасады.
Эми БШК 10 күн ичинде Өмүрбек Текебаевди президенттикке талапкер катары каттап, күбөлүгүн берүүгө милдеттүү.
Эсиңиздерге сала кетсек, БШК 15-июндан баштап президенттикке талапкерлердин документтерин кабыл алууну жарыялаган. Биринчи талапкер катары БШКга абактагы оппозициячыл саясатчы Өмүрбек Текебаев документтерин тапшырды.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ