Атамбаевдин Россия Федерациясына жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге Сербия Республикасынын Чоң тасмадагы Ордени тапшырылды. Бул тууралу КР президенттик аппаратынын расмий сайтында жарыяланды.
Сербия Республикасынын Президенти Томислав Николичтин Жарлыгы менен ыйгарылган бул Орденге Президент Алмазбек Атамбаев Сербия менен Кыргызстандын ортосунда достук мамилелерди жана кызматташууну өнүктүрүүгө жана чыңдоого кошкон өзгөчө эмгеги үчүн татыктуу болду.
Мамлекет башчысына Орденди резиденциясы Москвада жайгашкан Сербия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Славенко Терзич тапшырып, Сербиянын жетекчилигинин атынан Президент Алмазбек Атамбаевге өлкөлөр ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ