Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчиси Болсунбек Казаков өзүнчө эле реформа кылып жаткан түр көрсөтүп, чалмакейди чалып жатканы байкалып турат. Ал парламенттен: “Кыргыз турак-жай комсоюздун” 25 ишканасын кыскарткандан кийин, 140 мамлекеттик ишкана калды. Анын ичинен 59 ишкана мекеме болуп өзгөрөт. Алар толугу менен мамлекеттен каржыланат, 14ү филиал болот, 19у акционердик коом, төртөө менчиктештирүүгө чыгат, 18 мамлекеттик ишкананы жоюуга сунуш бердик. Бул өкмөттө каралып жатат”, – деп агынан жарылды. Дети эле Мамлекеттик мүлк фондусунун башына ким келсе да, мамлекеттик ишканаларды колдоп-коргоонун ордуна баарын жоюп, кайра бирдеме кылып түзүмүш этип, ошентип орто жолдо калтырууга же дагы бир таасирдүү чиновникке арыдан-бери кармата салууга маш болуп калышты. Кыскасы, мамлекеттин мүлкүн мүлжүгөндү адатка айлантып алышты.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ