Menu

Иса Өмүркулов, ЖКнын депутаты, “КСДП” фракциясынын лидери: “Өмүрбек Токтогулович биз сунуштаган структура кабыл алынбаса коалицияга кирбейбиз деп коалицияга кирбеди”

Бөлүшүү:

— Иса Шейшенкулович, төрага Чыныбай Акуновичтин иш алып барганы купулуңузга толбой жатабы?

— Эмнеге купулга толбосун? Төрага өзүнүн ишин регламентке ылайык алып барып жатат. Ага эч кандай жалпы нааразычылык жок. Талкуулап жаткан маселенин жүрүшү ар кандай болушу мүмкүн. Кээ бир учурда эмоцияга алдырып, же регламентке баш ийбей, депутаттар өзүнүн оюн айтканга аракеттенишет. Ошол мезгилде кайым айтышуу, сунуштар болуп турат. Кыргызча кыйыткан ар кандай сөздөр да чыгып турат. Парламенттин табияты ушундай. Андай талаш-тартыштар парламенттин ичинде болуп турган жакшы. 2010-жылы Конституцияны кабыл алып жатканда парламентте 120 депутат болсун деп колдогондордун бири мен болчумун. Эгерде талаш-тартыш болуп турбай, баардык маселелер “хоп, майли” менен өтө берген болсо демократия менен сөз эркиндиги кайда калат? Байкасаңыздар, мамлекетте эч кандай кысым жок. Кечээ күнү Өмүрбек Чиркешович диктатура болуп жатат деди. Карамушкина оозун лейкопластыр менен чаптап алып, Роза Исаковна микрофон менен сүйлөп жатканда Кубанычбек Исабеков деген вице-спикер Карамушкинага карата өтө орой сөздөрдү айткан. Ошол убакта эч кандай микрофон берчү эмес. Бүгүн андай эмес. Өмүрбек Текебаев азыр сүйлөп жатканда Чыныбай Акунович 20 минут убакыт берди. Бул диктатурабы же демократиябы? Ушуну туура түшүнүшүбүз керек.

— Жогорку Кеңештеги шоуларды токтотолу деп кечээ өзүңүз айтпадыңызбы? Деги бул шоу качан бүтөт? Шоуну токтотуп качан ишке өтөсүздөр?

— Шоу деген сөздү башка бир депутат “парламентте шоу болуп жатат, мунун кимге кереги бар”-деп айтты. Мен Чыныбай Акуновичке “ортого чыккандар шоу кылып жатышат. Сиз тизме менен кете бериңиз, кенен убакыт берип жатасыз”-десем түшүнбөй калып мага “Сиз кайсы бир маселени талкууда “Мен Чыныбай Акунович эмесмин. Убакытты кенен берем деп айткансыз”-деп мага тийишип кетти. Мен ага кайра жооп кайтарган жокмун, өзү оңдоп кетти.

— Сиздин артыңыздан кайра партиялаштарыңыз чыгып Чыныбай Акуновичке сын-пикир айтышты. Бул партиянын ички иштеринин “кандай тартипте” экендигин аныктап койду окшойт?

— Эч нерсе болгон жок. Бир депутатыбыз төрага микрофондон укпай калгандыктан жанына барып “эмне үчүн баарына микрофон берип мага бербейсиз?”- деп айтты.

— Парламенттин иш тартибин жакшы билген адамдардын баары “Чыныбай Акунович төрага болуп шайланып келгенден бери регламент абдан көп бузулуп жатат” -деп чырылдап жүрүшөт. Сиз байкадыңызбы?

— Ушул суроону мага узатпай эле койчу.

— Канат Исаев Кыргызстандын баардык бийлик бутактарын СДПК ээлеп алды деп айтты. Сиздин жооп?

— СДПК эч убакта бийликтин баарын ээлеп алган эмес. Канат Кедейканович президентке байланыштырып айтып жатат. Президент Атамбаев келгенден бери коалициялык көпчүлүк чоң кызматтардын баарын бөлүп башкарды. Анан кандайча СДПК баарын бөлүп алат? Ошол мезгилде “Республика” фракциясынан Өмүрбек Бабанов өкмөттү башкарды. Жантөрө Сатыбалдиев эч бир партияда жок болчу, ал да келип премьер-министр  болуп иштеди. Жоомарт Оторбаев “Ата-Мекен” партиясынан шайланды. Темир Сариев “Ак-Шумкар” партиясын таштап келип өкмөттү башкарды. Анан алтынчы премьер-министр болуп Сооронбай Шарипович башкарып жатат. Кечээ коалицияны курадык. Папкалардын баарын коалициялык көпчүлүккө кирген фракциялар бөлүп алып, алардын өкүлдөрү иштеп жатат. Менимче бул негизсиз айыптоо.

— Жаңы түзүлгөн коалицияны деле көпкө жашабайт дегендер чыгышты. Азыркы коалицияны сиз курадыңыз. Көпкө эле жашайт деп ишенесизби?

— Тилек-максатыбыз эле ушул коалиция көпкө жашаса экен деп жатабыз. Ар бир коалициянын бузулушу парламенттин жана мамлекеттин иштеринин артка кеткени болуп эсептелинет. Коалация тарап кетсе, автоматтык түрдө өкмөт тарап жатат. Өкмөт тараса аткаруу бийлиги иштөө жөндөмүн жоготот. Кайра өкмөттүн курамын өзгөртүп, жаңы адамдар келип ишке киришкенче убакыт өтөт. Бул жерде жалгыз коалицияда турган фракциялар эмес, мамлекеттин кызыкчылыгын коргойм деген депутаттар туруктуулукту сактаганга аракет кылуусу керек.

— Коалиция демекчи, “Республика-Ата Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов өтө оор талаптарды койду окшойт. Болбосо ал өкмөттү башкаруу ниети бар экенин да журналисттерден жашырган эмес? Анын коалицияга кошулбай калганынын негизги себебин айтып бере аласызбы?

— Ошол учурда сүйлөшүүлөр жүрдү, ошондо Өмүрбек Токтогулович өкмөттүн структурасы менен макул болгон жок да, “Эгерде биз сунуштаган структура кабыл алынбаса коалицияга кирбейбиз”-деп коалицияга кирбеди. Сооронбай Шарипович өзүнүн структурасын сунуштап, Бабановдун структурасын кабыл алган жок.

— Кечээки парламенттин ызы-чуусуна себепкер болгон Белиз мамлекетинен келген документтерди ар ким ар кандай айта баштады. Эч ким эч нерсе боло электе эле Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов, Аида Салянованын аттары аталып кетти. Тергөө иштеринин кызыкчылыгы үчүн депутаттардын аты аталбай туруш керек беле?

— Ал маалымат бизге атайын келген. Президент аны атайын иликтенсин деп прокуратурага тапшырды. Тапшырып жаткан мезгилде же прокуратура тарабынан бир дагы депутаттын аты аталган жок. Белизден келген документтер такталып оригиналдары келди. Бул эч кандай күмөн жаратпайт, тастыкталган. Кол койгон жактоочусу, нотариустан өткөнү аныкталып турат. Ал оригиналды президент башкы прокуратурага тапшырып жатканда “жакшылап текшерип иликтеп туруп коомчулукка алып чыккыла”- деди. Ал жерде бир дагы депутаттын аты аталган жок.

— Эмне анда Текебаев өзүнө алып бакырып чыга калды?

— Маегибиздин башына кайтып барсак Чыныбай Акунович бул маселени күн тартибине киргизбей туруп эле сөздү баштап койду. Анан ызылдап талкуу башталып кетти. Талкуу болуш үчүн күн тартибине кириш керек да. Ага деле атайын сүйлөтпөй жаткандай болбойлу деп унчуккан жокпуз. Президенттин өкүлү буга каршы болгон жок. Абдан кызуу талкуу болуп, депутаттар улам сурап туруп алгандыктан УКМКнын башчысын фамилияларды атаганга аргасыз кылышты. Баары эле айтылып жаткандыктан котормосун окуп берди. Азыр иликтөөнүн жыйынтыгын күтүп туралы. Алдын ала жар салуунун кереги жок эле. Иликтөө кандай болуп жатканын кечээ башкы прокурордун оозунан уктуңар.

Булак: “Жаңы ордо”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: