Ысык-Көл облусунун мурдагы губернатору Эмилбек Каптагаев Садыр Жапаровдун сотунда күбө катары көрсөтмө берди. Ал бул иш боюнча териштирүү төрт жылга созулганын, мурдагы депутатка каршы эч кандай доосу жоктугун билдирди.
Эскерте кетсек, тергөөнүн бүтүмүндө Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаров 2013-жылы Каракол шаарындагы «Кумтөр» кенине каршы митингде, ал кездеги губернатор Эмилбек Каптагаевди барымтага алууну уюштурган. Ага каршы «башаламандык», «барымтага алуу» беренелери менен иш козголгон.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ