“Биздин соттор партиялык соттор болуп калды. Сотко партиялар аркылуу шайланып, анан ошол партиялардын лидерлери эмне айтса ошону аткарып жатышат. Соттор бүгүн таз кейпин кийип олтурушуп калды. Ушу кантип болсун?”, – деп билдирди бүгүн, 13-июлда журналисттерге Текебаевдин сотуна келген экс-төңкөрүшчү Роза Отунбаева.
“Сотторду люстрация кылуу, сот реформасы жөнүндө ойлошубуз керек. Мына бүгүн соттор эч бир себепсиз эле, түшүндүрмөсүз эле мыйзамсыз чечимдерди кабыл алып жатышат. Анткени жогор жактан ошондой көрсөтмө берилген. 2010-жылы революцияда биз кууп жибергендер бүгүн келип бизди башкарып жатышат. Туш тарапка келип олтуруп алышты. Анан мага асылышат: “сиз Акаевчилер, Бакиевчилер деп бөлбөңүз” дешип. Ошолор башкарып, анан революция жасагандар бүгүн клеткада камалып олтурушпайбы. Анан ушуга нормальный адамдын жаны күйөт экен да”, – деди Роза Отунбаева.
Булак: Кyrgyztoday.kg
Видео: Сентябрь ТВ
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ