Аксы районунун Кызыл-Туу айыл аймагында 2017-жылдын 12-июль күнү саат 18:30 чамасында мөндүр аралаш жааган жамгырдан улам Кызыл-Туу айыл аймагынын Кара-Ой жана Жыл–Булак участкаларындагы колоттордон келген сел суулары Жыл-Булак участкасындагы 13 турак жайдын короо жайларын каптап, Кара-Ой жана Жыл-Булак участкаларындагы сел өткөрүүчү сай кум-шагылдарга толгон. Бул туурасында ӨКМ маалымдайт.
Маалыматка ылайык, Кербен-Сары-Челек унаа жолунун (№12-ЖТИнин карамагында) 4 жеринен таш аралаш шагылдар түшүп, унаа кыймылына кыйынчылык жаралган.
Авлетим айыл аймагынын Тегирмен-Сай айылындагы Бузурман-Сай сайынан келген сел суулары 14 турак жайдын короо жайларын жана анын ичинен 5 турак үйдүн жер төлөөсүнө кирген. 2 даана электр мамысын кулатып жараксыз абалга келтирген. Айыл тургундары электр жарыксыз калган.
Кара-Суу айыл аймагында Топ-Жанак айылында болуп өткөн шамал турак жайлардын чатырларын учуруп, жангак дарактарын жыккан. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.
Авлетим, Кызыл-Туу жана Кара-Суу айыл аймактарында Аксы райондук жана айыл аймактык Жарандык коргонуу комиссиялары тарабынан жеринде изилдөө иштери жүргүзүлгөн.
Ошондой эле, ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы баштаган ыкчам топ Аксы районундагы кырдаал боюнча жеринде иш алып барууга жөнөп кетишкен. Кошумча маалымат берилет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ