Menu

Бийликтин партиясынын доору бүтүп, ооматы кете баштагандыгы көрүнүп калды

Бөлүшүү:

Өткөн ишмебиде көптөн бери көпчүлүгубүздүн бүйүрүбүздү кызыткан КСДПнын курултайы болуп, премьер-министр С.Жээнбеков президенттикке көрсөтүлдү. Албетте, 700гө жакын делегаттардын дээрлик бардыгы бир добуштан сунушталган талапкерге макулдугун беришкен менен бийликтин партиясынын доору бүтүп, ооматы кете баштагандыгы көрүнүп калды. Себеби партиянын экинчи адамы  эсептелген, парламент спикери Ч.Турсунбеков жыйырма минута сүйлөгөн сөзүндө негизинен таарынычын айтып өттү. Көрсө, анын С.Жээнбековдун ордуна бийликтин талапкери катары чыгуу амбициясы бар окшойт. Бирок анын бул үмүтү таш каап, президент А. Атамбаев тарабынан колдоо таппай калгандыгы белгилүү. Ошондуктан өзүн-өзү көрсөтүү менен өз алдынча аламан жарышка катышарын билдирди. Бирок анын мындай сөзүн делегаттар ызы-чуу менен тосуп алышып, ышкырып, кыйкырып жатышты. Ошол эле күнү КСДПнын көмүскө башкаруучусу, С.Жээнбековдун шайлоо штабын башкарган президенттин кеңешчиси Ф. Ниязов “Эгер Ч. Турсунбеков өз алдынча президенттикке аттанса, анда КСДПнын катарынан чыгарылат”,-деди. Мындан тышкары талапкерди праймериз (сурамжылоо) жолу менен тандоону сунуштаган жана россиялык эксперттин партиянын ичинде бөлүп-жаруучулук жасагандыгын айткан жаштар канатынын лидери курултайга киргизилген жок. Кыскасы, бул окуялар КСДПнын ич ара бөлүнүп-жарылып аткандыгын көрсөтүп койду.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: