2017-жылдын 24-26-августунда Казакстан Республикасынын Астана шаарында “Евразия жумалыгы” эл аралык форуму өтөт. “Евразия жумалыгы” эл аралык көргөзмө форуму Казакстан Республикасынын Астана шаарында ЭКСПО-2017 талаасында өтөт. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.
Форудун негизги багыт катары – Евразиялык экономикалык биримдигинин экономикасын модернизациялоо темасы тандалып алынган, анда интеграциялык биримдиктин экспорттук потенциалын өнүктүрүү маселелери талкууланат. Ошондой эле форумдун жүрүшүндө ааламдашуу шартында экономиканы өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери, ЕАЭБ мейкиндигинде интеграцияны тереңдетүү, кооперацияларга жана экспортко колдоо көрсөтүү шарттарын түзүү жолдору талкууланат.
Форумдун иштиктүү бөлүгү ЕАЭБге тиешелүү бардык аспектилерди жөнгө салган 28 талкууну жана эксперттик сессияны камтыйт. Пленардык жыйындын ачылышы дүйнөдөгү атаандаштыкка жөндөмдүүлүк маселелерине арналып, анда өнөр жайды өнүктүрүүнүн түрдүү маселелери талкууланат.
ЕврАзЭБ алкагында жана анын аймагында өз ара ишкердикти активдештирүү максатында форумда ЕврАзЭБ экспорттук мүмкүнчүлүктөрүнө арналган экспозия уюштурулат. Экспозиянын концепциясына ылайык ЕврАзЭБ мүчө ар бир өлкөгө өзунчө тактайча, ошондой эле Евразиялык экономикалык комиссиясынын тактайчасын берүү каралган.
“Евразия жумалыгы” көргөзмө форумунун алкагында атамекендик ишкерлер өздөрүнүн продукциялары тууралуу айтып беришет. Бул үчүн Кыргыз Републикасынын Экономика министрлигине караштуу инвестицияларды жана экспортту алдыга жылдыруу боюнча мамлекеттик агенттикке кайрылуу зарыл.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ