Menu

Казакстанда металлургдар менен шахтерлор айлыкты көтөрүүнү талап кылышууда

Бөлүшүү:

Караганда облусунун «Арселор Миттал Темиртау» компаниясында иштеген металлургдар жана шахтерлор 1-августта айлык маянанын жогорулатуу зарылдыгын айтып чыгышты. Алар талаптарын эмгек жамааттын конференциясында билдиришти.

Конференциянын катышуучулары маянаны кеминде 30 % көтөрүү керек деп эсептешет. Компанияда иштеген көптөгөн жумушчулардын айлыгы 100 миң теңгеге ($300) жетпейт.

– Өлкөдөгү кырдаал бизди дайыма стресс абалында жүрүүгө мажбурлоодо, баары кымбаттап жатат. Биздин маянабыз тамак-ашка жана коммуналдык төлөмдөргө гана жетет. Бизди уккула! Айлыгыбызды көтөргүлө! – деди жумушчулардын бири Светлана Фишер.

Конференция катышуучулары металлургиялык комбинаттан жана шахтадан ишбилги адистер Орусияга кетип жатышканын, себеби ал жакта маяна көп экенин айтышты. Айлыкты жогорулатуу талабы быйыл жазында эле көтөрүлгөн. Бирок маселе чечилген эмес.

Кесиптик кошуун өкүлдөрү бардык талаптар компания жетекчилигине жазуу түрүндө жөнөтүлөрүн, эгер көйгөй чечилбесе, иш таштоого барышарын эскертишти.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 + = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: