Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кара-Таш айыл өкмөтүнүн Кара-Кокту айылынын Төө-Моюн участкасында учурда кооптуу абал бар. Себеби өткөн кылымда аталган жерден радий,уран, жез казылып алынып, бирок кайра көмүлгөн эмес. Мамлекеттик Экологиялык жана техникалык инспекциясынын текшерүүсүнүн натыйжасында учурда радиациянын күчтүүлүгү 180-220 рентген саатын көрсөткөн. МамЭкотехинспекциясынын Ноокат,Араван райондук башкармалыгынын жетекчиси Абдикааров Абдисали Абдиллаевичтин айтымында бул жай эч кандай курчоого алынбагандыктан, жергиликтүү тургундар мал жандыктарын ушул аймакка кайтарышат. Мамэкотехинспекция кызматкерлери азыркы тапта жергиликтүү бийликке жана тийиштүү ведомстволорго кайрылып,тез аранын ичинде кооптуу абалды жөнгө салуу иштерин жүргүзүүдө.
Булак: “Эл деми”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ