Menu

Чыдамы түгөнгөн Озгур эли эми тегиз көтөрүлөт

Бөлүшүү:

Ош шаарынынын прокуратурасы доогер сыңары сотко даттанып, түштүк башкалаасындагы Озгур айылынын миңдеген тургундарын мажбурлап көчүрүп, башкалкасыз калтырууга киришкенине мына экинчи жылга айланды. Ошол себептүү аталган кыштактын жашоочулары айласы таптакыр куруганда минтип өлкө жетекчилигине дагы кайрылуу жолдоп олтурушат

Мырзайым БЕРДИБЕКОВА, Ош шаарына караштуу Озгур айылынын тургуну:

– Биз беш салаадай бөлүнүп айтылуу Ак-Буура дарыясын бойлото чачыранды отурукташканбыз. Көз тийбесин! Жерибиз жайында салкын, а кышында жыпжылуу. Эми ушул тыптынч жашообузга Ош шаарынын прокуратурасы моминтип бүлүк салып олтурат. Алар сотко кайрылып, жергиликтүү бийликтин биргезде мыйзам чегинде токуган токтомдорун биротоло жокко чыгарууга батыл киришти, эй! Бизди эми тентитип ар жакка көчүрүшөт экен…

Нурлан БЕГАЛИЕВ, Ош шаарына караштуу Озгур айылынын тургуну:

– Озгур – ата-бабабыз миңдеген кылымдардан бери байырлаган аймак. Биз, бул жерге асмандан түшүп, же башка жактардан көчүп келген жерибиз жок! Дал ошол укук коргоо органдары жанталашып калкалашкан ашканалардын жана ресторандардын чыныгы кожоюндары өңдөнүп айтылуу Ак-Буура дарыясын күн сайын булгап, аймактын экологиясына орду толгус кыянатчылык деле жасай элекпиз. Тескерисинче, Ак-Буура дарыясын бойлото жыл сайын бак-дарак тигип, а түгүл дарыянын жээктерин кыдырата таш тизип улам бекемдеп жатабыз. Муну үчүн Кыргыз Өкмөтүнөн сокур тыйын дагы сурабадык. Ыракматын деле уга элекпиз.

Атабек ЖОРОЕВ, Ош шаарына караштуу Озгур айылынын тургуну:

– Президентибиз Сооронбай Жээнбековдун “Таза коом-Жаңы доор” жана аймактарды өнүктүрүү стратегиясын биз, элеттиктер дагы кызуу кубаттап, анын жүзөгө ийгиликтүү ашырылышына аздыр-көптүр салым кошуп жатабыз. Мында мамлекет башчысынын соңку мезгилде аймактарды өнүктүрүү багыты бизге майдай эле жакты. Чындыгында, Озгур өңдөнгөн калаанын курамында туруп унутта калган айыл-кыштактарды алакчылабай, ыкчам оо- жалуусуна өбөлгө жаралды. Ушундай шартта Ош шаарынын прокуратурасы тынч жаткан элди дүрбөтүп, озгурлуктарды журт которууга мажбурлап жаткандыгы эмнени туюндурат, ыя? Дал ушуга эмдигиче акылыбыз жетпей, башыбыз дагыле маң…

Чыңгыз АБДЫМАНАПОВ, Ош шаарына караштуу Озгур айылынын тургуну:

– Азыркы Президентибиз Сооронбай Жээнбеков биргезде Ош облусунун губернатору кызматын аркалаган. Демек, Ак-Буура дарыясын бойлото отурукташкан Озгур жана Төлөйкөн айылдарынын көйгөйлөрүн беш колундай эле билет. А түгүл айрым маселелерибизди а киши өз убагында чечүүгө дагы түздөн-түз жардамдашкан. Эми деле биздин Кайрылуубузду дагы зерикпестен окуп, Сооронбай Шарипович өтүнүчүбүздү жерде калтырбас деген терең ишеничтебиз! Эгерде ортодо кимдир бирөөлөр эле ойноп ийип, Кыргыз Ажосуна таптакыр бурмаланган маалыматтарды жеткирип, мамлекет башчыбыздын башын айлантышса, анда мөөнөтсүз нааразычылык акцияларын сөзсүз түрдө уюштурабыз!

Айтмакчы, Ош шаарына караштуу Озгур айылы түштүк башкалаасындагы Жапалак аймактык башкармалыгынын курамына кирет. Кыштакта ушугезде 673 түтүн, 4051 адам жансактайт. Айыл тоо таянып, Ак-Буура дарыясынын оң жак жээгин бойлото кыдырата жайланышкан.

Булак: Майдан.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: