Жогорку Кеӊеште вице-премьер-министр Мукамбетов Санжар Турдукожоевич ант берип, өз ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришти. Ант берүү аземине Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков катышты.
Белгилей кетсек, Санжар Мукамбетов Улуттук банктын төрагасы кызмат ордуна которулган Толкунбек Абдыгуловдун ордуна дайындалган.
Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан Санжар Мкуамбетовду ант берүү аземи менен куттуктап, анын ишинде ийгиликтерди каалады.
Эске салсак, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» мыйзамдын талабына ылайык, өкмөт мүчөсү парламентте ант бергенден кийин өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ