«Ата Мекен» партиясынын аты менен бийликке жетип, бир нече жыл Талас облусун башкарган Койсун Курманалиева партиялаштарынын башына күн түшүп, жетекчиси Чиркешовичтин тагдыры кыйын күнгө кабылганда калыс пикирин айтканга жарабай, адамдык парасатынын пастыгын көрсөткөнү аз келгенсип, Бабановду сүрөгөнү эки жүздүүлүктүн бийик үлгүсүн көрсөтүп койду. ММКларда: «Өмүрбек Бабановду шайлоодо колдойлу туугандар, кыйын жигит, улуу жолго аттанып жатат» деген сөздөрү кайталанып, Койсундун ким экенин тастыктап жаткан мезгили. Үгүт баштала электе тастаңдап, колдойлу дегени неси? Экинчиси, Текебаевдин кылган жакшылыгы кайда калат? Кыргызда «суу ичкен кудугуңа түкүрбө», «бир тойгон жериңе миң ирет салам айт» деген. Сиздин атыңызды «Ата Мекен» менен Текебаев чыгарган, муну сиз унутсаңыз да эл эч качан эсинен чыгарбайт.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ