2017-жылдын 7-август күнү саат 17:05 чамасында Тоң районунун Каджи-Сай айылында Каракол-Балыкчы унаа жолунун 114-чакырымындагы Аалам-Ордо жер тилкесинде “Одиссей” үлгүсүндөгү мамлекеттик № В 01-33АВ унаасы жолдон чыгып кеткен. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Айдоочусу 1983-жылы туулган аял киши жана 2012-жылы туулган баласы эч кандай жаракат алышкан эмес.
Окуя болгон жерде КР ӨКМнин №38 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары унаанын эшигин ачып, медициналык тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Ошол эле күнү саат 23:48 чамасында Тоң районунда Каракол-Эңилчек унаа жолунун 52-чакырымындагы Кара-Коо–Бар-Булак айылдарынын ортосунда “Тойота-Ипсум” үлгүсүндөгү мамлекеттик №S 2887AK унаа менен Мазда-Премус үлгүсүндөгү мамлекеттик № Т 9944 D унаасы кагылышкан. 8 жүргүнчү эч кандай жаракат алган эмес.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ