Forbes дүйнөдөгү эң кымбат диджейлердин рейтингин жарыялады. Биринчи орунду Шотландиялык диджей Келвин Харрис ээледи. Ал бул орунду бешинчи жыл катары менен бербей келет. Анын тапкан акчасы 48,5 млн долларды түзөт.
Экинчи орунду диджей Тиесто ээледи. Анын кирешеси 39 млн. долларды түзгөн.
3-орунда электро-поп-дуэт The Chainsmokers турат. Анын курамына Эндрю Таггарт жана Алекс Полл кирет. Аларга таандык «Closer» жана «Paris» чыгармалары 38 млн. доллар таап берген.
Алардан кийин Сонни Джон Мур 30 млн. доллар жана Стив Аоки 29,5 млн. доллар.
Француз Дэвид Гетта былтыркы тизмеде 3-орунду ээлесе, быйылкы рейтингде жетинчи позицияга түшүп калды. Анын кирешеси 25 млн. доллар.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ