Menu

Кыргызстан Эгемендик алганы президенттик шайлоодо 2-тур деген болбоптур: 1 бөлүм. Аскар Акаев

Бөлүшүү:

Мындан 26 жыл мурун Кыргызстан өз алдынча мамлекет аталып, эски коммунисттик режим менен жаңы демократтардын ортосунда бийлик алмашуу жүрүп, көп өтпөй 1991-жылдын 12-октябрында өлкөнүн тунгуч президенти болгон Аскар Акаевге шайлоодо көпчүлүк өз каалоолору менен добуштарын берген (бир чети ал кезде элдин көз караштары да башкача болсо керек). Башкысы, жамы журттун көкүрөгүндө терең ишеним күч болчу. Ошон үчүнбү, А. Акаев эгемендүү Кыргызстандын биринчи президенти  болуп  шайланганда  аны өлкө жарандарынын 95 пайызы колдоп, добуштарын бергени ошондон болсо керек. 1995-жылдагы өткөн президенттик шайлоодо да “шайлоочулардын 86 пайызы катышты” делип, 71, 59 пайызы А. Акаевди колдогон. Апсамат Масалиев үчүн 24,42 пайызы, Медеткан Шеримкулов үчүн 1, 72 пайыз шайлоочулар добуш берген. Андагы шайлоого ушул үч инсан гана катышкан. Ал эми Ж. Аманбаев, М. Айбалаев жана Ө. Текебаевдер Жогорку Соттун граждандык коллегиясынын чечими менен аламандан четтетилишкен. Ушул жерден айта кетчү нерсе, ошондо Түштүк региону боюнча эң көп добушту А. Масалиев алганы эл арасында азыркыга чейин айтылып келет.
Андан кийин 2000-жылдагы өткөн шайлоо  айрым  шайлоочулардын пикиринде “бурмаланды” делген менен анда деле А. Акаевдин жеңип чыгаары тууралуу күн мурунтан эл болжогондой эле жыйынтык чыккан. Анда А. Акаевге шайлоочулардын 76, 4 пайызы добуштарын берсе, Өмүрбек Текебаевге 14, 2 , ал эми андагы бийликтин накта оппоненти делген Алмазбек Атамбаевге БШК 6, 2 пайыз добуш алды делген. Ал шайлоого жалпысынан 6 талапкер ат салышкан. (Мелис Эшимканов, Турсунбай Бакир уулу, Турсунбек Акунов) Айрым нааразычылыктарды эсепке албаганда ал шайлоо деле тынч аяктаган.

Булак: Айгай

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 − 16 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: