Бүгүн, 28-мартта Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Сооронбай Жээнбеков Эмомали Рахмонду 2020-жылдын 1- жана 27-мартта өткөн Тажикстан Парламентинин төмөнкү жана жогорку палатасынын депутаттарын шайлоону ийгиликтүү өткөрүп алышы менен куттуктады.
Мамлекет башчылары эки тараптуу кыргыз-тажик мамилелеринин актуалдуу маселелери, анын ичинде чек ара кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча пикир алмашышты.
Мындан сырткары, коронавирус инфекциясынын жайылып кетүүсүн алдын алуу, ошондой эле эки өлкөнүн экономикасына болгон анын кесепеттерин жумшартуу боюнча биргелешкен чараларды талкуулашты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ