Menu

Канат Исаев “кабырга” үмтөттүбү?

Бөлүшүү:

Президенттикке талапкерлигин коюп чыккандардын бири Канатбек Исаев “Фейсбуктагы” өздүк баракчасына оюн жазып чыкты.

Анда, Кыргызстныбыз бирөө эле! Президенттик орун дагы жалгыз. Андыктан, жалгыз такты талашпай, жалпы кыргыз үчүн биригип иштей турган кез келди. Эгер, биз элге чын ниеттен иштей турган болсок президенттиктен башка да кызмат кыла турган жумуштар жетиштүү. Болгону ар тармактын адистери өз ордуларына туура тандалып баруусу керек. Буюрса талапкерлер ортосундагы ушул мүдөө жакында ишке ашканы турат. Расмий үгүт мезгили башталганга чейин бир топ талапкерлер биримдикке келип бир талапкерди алдыга сүрөп чыгууга макулдашуулар бышып жетилди. Буюрса кыргызэли ойлогондой чоң кадамдарды жасайбыз! – деген жалындуу сөздөр 0рун алган. Түпкүлүгүндө эң туура айтылды. Бирок, “бирок” деген кургур ушундайда ортого кыпчыла калат да. Исаев бул билдирүүсү менен ажо жарышта ким анын кошулуусуна макул болсо ал ошол кишиге биригип, ал эми тагдыр буйруп бириккен кишиси ажо болуп калса андан кресло үмтөткөндөгү кербезиби?

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: