Баягы, «антеннасы» бар Арстан Алай деген ажолук жарышка аттанбады беле. Аалам сырын ачып, адамзатты бактылуу кыла турган жалгыз киши болуп жаткан бул эргул максатынан тайган өңдөнөт. «Зима не будет» – деген учкул сөзү менен элдин эсин эки кылган бул киши дагы бир «ачылыш» жасаганы жатканын эшиттик. Ажо жарышта «антенна» да жардам бере албастыгын аңдап, өзүнө ишенбеген Арстан мырза «тиги жактан» белги келди деген жүйөө менен жарыштан баш тартканы жатыптыр. Аттиң десең, Калктын калың катмарына сиңип, күндөн-күнгө «аброю» артып келе жатты эле, эми эмне болот? Бул шайлоо Арстан Алайсыз суз болуп калабы деп чочулайт экенсиң…
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ