2-сентябрь күнү Бишкек-Торугарт жолунун Чүй облусундагы 40 чакырымында орун алган автокырсыктан 5 адам жабыркап, 2 адам каза болду. Бул тууралуу Чүй облусттук Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка караганда, кырсыкта “Тойота Ленд Крузер” жана “Мазда” үлгүсүндөгү машинелер кагышкан. Андан “Маздадагы” эки жүргүнчү ошол жерден каза тапкан. Дагы беш адам ооруканага жаткырылып, бир адамдын абалы өтө оор экени айтылууда.“-Тойота Ленд Крузер” жол тандабасын генерал Абдыгул Чотбаев башкарып бараткан.
Ал учурда ооруканада. Абалы орто. Учурда кырсыктын чоо-жайы иликтенүүдө. Абдыгул Чотбаев Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын биринчи кол башчысы. Ооган согушунун ардагери. Өлкөнүн Куралдуу күчтөр тармагында көп жыл кызмат өтөгөн.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ