Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 2017-жылдын 3-сентябрь күнү саат 19:35 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 479-чакырымындагы Шаркыратма участкасында “Пассат” үлгүсүндөгү мамлекеттик № D5960А унаа каналга түшүп кеткен. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Окуя болгон жерде КР ӨКМнин 2-өзүнчө издөө куткаруу отрядынын куткаруучулары унаадан 1975-жылы туулган айдоочу С.К. жансыз денесин алып чыгышып милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми 1977-жылы туулган жүргүнчү М.К тез жардам кызматынын унаасында Шамалды-Сай шаардык ооруканасына жеткизилген, абалы туруктуу.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ