Menu

Жаныбек Жанызак “көз жарды”

Бөлүшүү:

Жаныбек Жанызак мурда кимге кезикпесин бакылдап сүйлөп, жакасындагы чаңды оозу менен үйлөп, редакцияларды тынбай кыдырып тураар эле, айтышкан адамын “прямо” уят сөздөр менен ураар эле. Гезит базарына да ат тезегин кургатпай тез-тез келе берчү. Айгүл Шаршен кызынын китептерин соодагерлерге таркатып бере берчү. Акыркы күндөрү таптакыр эле көрүнбөй калган. Ойлоп жүргөнбүз, тайыган окшойт деп алдан. “Жоголуп” жүргөн себебин жакындан бери гана  олтурабыз билип. Ошон үчүн ушул макаланы жаздык, образга кирип. Жакем үйүнө жатып алып, компьютерине башын катып алып, көркөм чыгарма жазып атыптыр. Жазганын кайра эле өзнүнүн менчик басмаканасынан китеп кылып басып атыптыр. Айтор, жашы алтымыштан ашкан кезинде илхамдын даамын татып атыптыр. Туура кылат. Аракет кылса эле ар бир иш алга жылат. Чымыны болгондон кийин жазсын да. Минтип адабиятты деле казсын да. Бир кездери төшөк гезитин чыгара койом деп, артынан айтылып далай кеп, далайлардан жеме уккан. Молдолор менен да нечен жолу “айтышка” чыккан. Андан жалкып, өзүнчө басмакана ачып, бирөөлөрдүн китептерин чыгарып берип жүрүп, бирок, андан деле мүйүздүү болгон жок.

Баса, жаңы “төрөлгөн” китебинине асан чакырып “Чийеленишкен курбулар” деген ат койду. Ошентип, адабиятты көздөй тап койду. “Чийеленишкен курбулары” туруп калбай катылып, гезит күркөлөрүндө жатат сатылып.

Орозбек Бөрүгулов

Булак: “Майдан. kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: