Эки күн мурун Бишкекте акыйкатчылардын эл аралык конференциясы өткөрүлдү. Ага Москва, Түркия, Иран, Казакстан, Өзбекстан, Австрия, Молдова, Армения, Монголия жана Литва мамлекеттеринен акыйкатчылар, кээ бир мамлекеттерден акыйкатчылардын орун басалары келип катышты. Жыйындын жүрүшүндөгү негизги тема “адам укугун коргоодогу нормативдик-укуктук ченемдерди жакшыртyy” деп аталып, акыйкатчылар дүйнөдөгү адам укугунун корголушу боюнча сөз кылышты. Жыйын соңунда Кыргызстандын акыйкатчысы Кубат Оторбаев Кыргызстан демократиялык баалуулуктарды жайылтуу жагынан аймак боюнча лидер экенин белгилеп, алдыдагы президенттик шайлоо өлкө үчүн олуттуу экзамен болоорун айтты.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ