Бүгүн, 13-сентябрда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу Кыргыз автономиялуу облусунан келишкен делегациянын өкүлдөрүн кабыл алды. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады. Кытай Эл Республикасынан келген делегациянын курамында Кызыл-Суу облусунун партком секретарынын орун басары Гуан Ён Джиан, Акчи оданынын акими Тилеш Нуршат, Кызыл-Суу облусунун эл аралык сооданы илгерилетүү мекемесинин башчысы Эминжан Абдырейим жана Кызыл-Суу облусунун Кыргызстандагы туруктуу өкүлчүлүктүн партия секретары Лю Джон Шин болду.
Ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу Кыргыз автономиялуу облусунан келишкен делегациянын өкүлдөрүнө Жалал-Абад облусу туурасында кеңири маалымат берди жана эки тараптуу соода-сатык, туризм тармагында кызматташуу маселелерине меймандардын көңүлүн бурду. ЖАМУда ачылган Конфуций борборунда студенттерге кытай тилин жана маданиятын тереңдетип окутуу иштери ийгиликтүү жүрүп жаткандыгын белгилеп кетти.
Өз кезегинде Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу облусунун партком секретарынын орун басары Гуан Ён Джиан келерки жылы Жалал-Абад жергесинде Кызыл-Суу Кыргыз автономиялуу облусунун жарменке көргөзмөсүн өткөрүү максаты белгиленип жаткандыгына ортого салды. Мындан сырткары эки облустун ортосунда саламаттыкты сактоо, билим берүү жана туризм жаатында иш-тажрыйба алмашуу сунушун билдирди. Кытайдан келген делегациянын өкүлдөрү табияты кооз Арстанбап жергеси менен Жалал-Абад санаториясында туризмди өнүктүрүүнүн чоң мүмкүнчүлүктөрү жаткандыгын канааттануу менен белгилешти.
Эки тараптуу жолугушуунун соңунда Кызыл-Суу Кыргыз автономиялуу облусундагы Акчи оданынын акими Нуршат Тилеш жана Сузак районунун акими Эрмекбай Омошев эки райондун ортосунда достук карым-катнашты жакшыртуу жана кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу Кыргыз автономиялуу облусунан келген делегациянын өкүлдөрү менен болгон жолугушууга ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, Жалал-Абаддагы медициналык окуу жайынын директору Салайхидин Мусаев катышты.
Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ