«Бутунан чалынган эмес, тилинен чалынган турбайт» – деп элибиз айтылган сөзгө өзгөчө мамиле кылып келгенин билебиз. Вице-премьерлик кызматты аркалап жаткан Дүйшөнбек Зилалиев ушул жума сөзүнөн катуу жаңылды. Апта башында эле «Административдик ресурсту колдонгон жетекчилер катуу жазаланат» – деп Өкмөттүн бийик трибунасынан олуттуу сүйлөп аткан. Арадан көп өтпөй, Баткенге барып алып, вице-премьер башы менен бюджеттегилерди кайсы бир талапкердин пайдасы үчүн үгүттөп жаткан аудио тасма интернет желесине желдей тарап, катуу уят болду. Анчалык үгүттөгүсү келип, кошоматты коштоп айткысы келсе, ачык эле балп этпей кагазга ороп, акырыныраак айтса болмок экен.
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ