Menu

Токтайым токмоктоп салды дейт

Бөлүшүү:

Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева деген бар эмеспи. Баш мыйзам боюнча Текебаевдин айласын алты кетирген. Ошол укук коргоочу колго тийгенди сабап кетиптир дешүүдө. Текебаевди эмес, 54 жаштагы Ысык-Көл облусунун тургунун сабады деп шектелүүдө. Мындай чырга Жогорку Соттун чечими себеп болуптур. Сот Бишкектин Пишпек көчөсүндө жайгашкан Молдобекова аттуу жаранга таандык үйдү жабыркаган аялды кошкондо төрт адамдын пайдасына чечип берген. 1-ноябрда үйдү бошотуп алуу максатында барган аялдарга ээси каршылык көрсөтүп, укук коргоочу Токтайым Үмөталиеваны чакырган экен. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Олжобай Казабаев “Үмөталиева аларды уят сөз менен сөгүп, бирин сабап салган. Бул факты Ленин райондук милиция бөлүмүндө каттоого алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды, иликтөө башталды” деген.

Булак: Жаңы Ордо 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 − 78 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: