Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев өзүнүн Алматыга жасаган сапарында «Алматынын экономикасы Кыргызстан жана Тажикстандын ИДПсынан 5 эсе көп», – деп айтканы коомчулукта кызуу талкууга жем таштады. Айрымдар бул сөз бекер айтылган жок, бул маселеде саясий боёк бар экенин айтышууда. Бул туурасында серепчи Искендер Шаршеев: «Эгерде цифраларга карасак, анда Алматынын ИДПсы чындыгында Кыргызстандын ИДПсынан ашып түшөт. Бирок региондордо жана кичи шааларда жашоонун абалы бизден төмөн. Мен жакында эле Чуда болдум. Ал жакта чындыгында эле жашоо өтө жакыр, камсыздоо аз, адамдар ачка. Бардыгы жашап кетүүгө гана аракет кылып жатышат. Балким чоң шаарларында эл жакшы жашайт, бирок мисалы мамлекеттин түштүгүндө жашоо оор. Казакстанда экономика бир кылка бөлүштүрүлгөн эмес. Теңчилик, экономиканы тең бөлүштүрүү азырынча жок»,—деп акыйкат сөзүн айтты.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ