Украин парламенти – Жогорку рада Орусия жана Приднестровье – Молдованын жикчил аймагы менен чектешкен он облуста 30 күнгө аскердик абал киргизүүнү колдоду. Президент Петро Порошенко өлкөгө аскердик абал киргизүү жөнүндө жардыкка 26-ноябрда кол койду.
Мыйзам долбоору дароо парламентке келип түшкөн.
Анын алдында Украина преизденти Петр Порошенко аскердик абалды 60 күндөн 30 күнгө чейин кыскартуу чечимин кабыл алган. Ал чукур кырдаал менен шайлоо кампаниясынын башталышын дал келтирүүнү каалаган эмес.
Жогорку Рада 26-ноябрда келерки президенттик шайлоо күнүн белгиледи: шайлоо 2019-жылдын 31-мартында болот.
Украинанын Куралдуу күчтөрү толук күжүрмөн даярдыкта экенин Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Керч кысыгында кырдаал курчугандыктан, Коопсуздук кызматынын ички курамы да согуштук абалга даярдык көрүүдө.
Киевдин маалыматына караганда, буга чейин Орусия Украинанын 23 морягын кармап кеткен. Булардын ичинен алтоо жаракат алган, экөө оор жарадар болгон. Орусия тарап Украинанын жаракат алган үч морягы азыр ооруканада экенин билдирди. Ал эми Украинанын кармалган үч кеме-катери Керч портуна жеткирилген.
Москва украиналык кемелер Орусиянын аймагын бузуп киргендиктен, Кара деңизде кармалганын, ал үчүн курал колдонулганын ырастаган. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, кармалган украин моряктары мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартылат.
Керч кысыгында, Кара жана Азов деңиздери кесилишкен аймакта болгон окуяны расмий Киев “агрессия”, Москва “чагым” деп баалады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ