Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон мамлекеттик түзүмдөрдөн ишкерлердин ишине негизсиз кийлигишүүнү токтотууну талап кылды. Мамлекет башчы мындай аракеттер өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө тоскоол болуп жатканын билдирди.
14-октябрда Эмомали Рахмон Душанбеде ондогон ишкерлер менен жолугуп, өлкөдө дале бизнес ишмердүүлүгүн текшерген көптөгөн учурлар бар экенин жана бул тынчсызданууну жаратарын айтты. «Негизсиз текшерүүлөрдү токтотуу максатында Юстиция министрлигине, Инвестициялар жана Салык комитеттерине учурдагы мыйзамга өзгөрүүлөрдү киргизүүнү тапшырдым», – деди мамлекет башчы.
Ошол эле маалда Рахмон ишкерлер дагы ак ниеттүүлүк менен иштеши керектигин белгиледи. «Салыктардын азайтылганына карабастан, айрым ишкерлер дале салык төлөөдөн качып, чыныгы кирешелерин жашырып келишет. Ушул жылдын сегиз айында эле ишкерлер тараптан жашырылган салык төлөмдөрүнүн суммасы 1,5 миллиард сомонини (170 миллион доллар) түзгөн», — өлкө башчы.
Мурдараак айрым бизнес өкүлдөрү Тажикстан жеке ишкерлерге карата мамилени өзгөртпөсө, өлкөдө бизнес начарлап, инвестициялар кете турганын билдирип чыгышкан. Мекенин таштап, Орусияда, Казакстанда жана Кыргызстанда ишкерлик менен алектенип жүргөн тажик бизнес өкүлдөрүнүн айтымдарында, өлкөдө мамлекеттик органдардын текшерүүсүнүн көптүгүнөн, каржы талаштарын адилеттүү карап берчү көз карандысыз сот системасынын жоктугунан жана бизнесин тарттырып жиберүү коркунучунан улам алар капиталдарын чет өлкөлөргө чыгарып кетүүгө аргасыз болушкан.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ