Оштун “кара баатыры”, “кабылан-шери” Мелис Мырзакматовдон дайын жок болуп кетти. Кабылан-шер эмей эле “мышык” болуп калды го мактаган байкебиз. Турцияга кеткен бойдон дайыны жок да. Эл болсо андан үмүтүн үзбөй дагы деле күтүп жатышат. Же ушуну менен Мырзакматовдун саясий карьерасына чекит коюлабы? Анда элдин ага болгон ишеними кайда калат? Ош шаарынын мэри болуп турганда Сооронбайды теңине алчу эмес эле сүйлөтпөй басынтып, ага каршы аялдарды үгүттөп. Эми ал президент болду. Мырзакматов Кыргызстана келе алабы? Сооронбай мырза таш менен урганды аш менен уруп тосуп алса керек, өтө эле жоош киши эмеспи…
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ