Menu

Назарбаев Кыргызстанга болгон кысымын токтотушу керек

Бөлүшүү:

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстанга болгон кысымын токтотушу керек. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда өткөн маалымат жыйынында “Элдик кошуундар биримдиги” уюмунун өкүлдөрү билдирди

Активисттер Назарбаевди Кыргызстанга кысым көрсөтүүнү токтотуп, чек ара маселесин жөнгө салууга үндөдү.

“Казакстандын бийлиги жана олигархтары Кыргызстанда өткөн шайлоого кийлигишүүгө аракет жасаганына барыбыз күбө болдук. Атүгүл талапкерлердин бирине ачык каржылык жардам көрсөткөндүгү тууралуу маалыматтар бар. Эми чек араны жаап ташташты”, -дейт активисттердин бири.

Казак тарап чек арадагы күчөтүлгөн текшерүү тартибин 10-октябрь саат 18:00дөн тарта киргизген.10-октябрь кечинде социалдык түйүн колдонуучулары адамдар көзөмөл-өткөрмө бекеттерде бир канча сааттап кезек күтүп тургандыктарын, ал эми жүк ташуу унаалары тыкыр текшерүүдөн өтүп жатканын билдиришкен. Муну казак чек арачылары алгач Кыргызстандагы шайлоого карата күчөтүлгөн тартипте иш алып барууга өтүшкөндүгү менен байланыштырышса, кийин террорчулукка жана аткезчиликке каршы пландык операция жүргүзүп жаткандыктарына шылтоолошкон. Ал эми Кыргызстан чек арадан эч кандай тоскоолдуксуз өткөрүүдө

Премьер-министр Сапар Исаков 11-октябрда, Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына катышуунун алкагында Казакстан Республикасынын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугуп, кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы абал маселени талкуулаган. Сүйлөшүүлөрдөн кийин президент Нурсултан Назарбаев Казакстандын өкмөтүнө чек арадагы бардык болуп жаткан маселени чечүү боюнча тапшырма бергендиги маалымдалган. Бирок 12-октябрдын таңында абал кайрадан татаалдаша баштаган.

Ал ортодо Казакстан 5 сүттү кайра иштетүүчү ишканалардын азыктарын ташып кирүүгө тыюу салган.

Аталган маселе боюнча Кыргызстандын Экономика министрлиги ЕЭКке жана Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна

кайрылган.

Ал эми Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги оңдоо иштерине байланыштуу Киров суу сактагычындагы суу агызылгандыгын маалымдады. Аталган суу сактагычтагы суунун 80 пайызын Казакстан мамлекети колдонот.

18-октябрда Астанада эки өлкөнүн премьер-министрлери жолугушкан соң, айрым тоскоолдуктар чечилген. Бирок жүктөрдү ташып кирүүдө дагы деле тоскоолдуктар бар. Казакстан муну Кытайдан ташылып келип жаткан товарларга байланыштуу аткезчилик менен күрөшүүгө карата көрүлүп жаткан аракет экендигин айткан. 25-октябрда Ереванда өткөн ЕАЭБдин отурумунда тараптар аталган маселе боюнча жол картасына кол коюшкан жок.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: