Бишкек – “Манас” аэропорту жолунда велосипедчен 2 кишини унаасы менен сүзүп кеткен айдоочу 8 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу жол кырсыгынан каза болгондордун биринин уулу Александр Требунский журналисттерге билдирди.
Анын айтымы боюнча, кечээ, 9-сентябрда Сокулук райондук сотунда кылмыш иши боюнча сот жараяны аяктаган.
Велосипедчен 2 адамды сүзүп кеткен айдоочу 8 жылга эркинен ажыратылган.
Белгилей кетсек, кырсык 30-июнда болжол менен саат 10:00дө болгон. Анын кесепетинен эки велосипедчен адам жабыркап, бири жеринен каза болгон. Экинчиси оор жаракаттар менен ооруканага жеткирилип, ал жактан каза тапкан. Дарыгерлердин чыгарган бүтүмүнө ылайык, айдоочу мас абалында болгон.
Кийинчерээк жол кырсыгынын курмандыгы болгон Евгений Требунский жана Илья Сидоров КР триатлон федерациясынын мүчөлөрү болгону маалым болгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ