Чаткал районунун баш имам хатиби Кубанычбек ажы Токонов жана Ала-Бука районунун баш имам хатиби Шумкарбек ажы Чыналиевдин демилгеси менен Сумсар айыл аймагында имамдардын билим деңгээлин көтөрүү, тажрыйба алмашуу максатында сабак уюштурулду. Бул сапар Чаткал районунан Сумсар, Терек-Сай айыл өкмөтүнүн имамдары жана Ала-Бука районунан 1-Май айыл өкмөтүнүн имамдары катышышты. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы билдирет.
Имамдарга уюштурулган сабактын алкагында Ханафий мазхабынын орду, Куран, фикх, акыйда, пайгамбарыбыздын (с.а.в) өмүр баяны, диндер тарыхы боюнча сабак болуп, экстремизм, терроризмдин алдын алууда эки райондун имамдары жана жергиликтүү жетекчилер менен биргеликте иш алып баруу керектиги айтылып, намаз, жаназа, нике жана шаритка тиешелүү маселелер боюнча тажрыйба алмашышып, бир топ пайда алышты. Сабактын жүрүшүндө мындан кийин ушундай көрүнүштөгү сабак район аймагындагы башка айыл өкмөттүн имамдары менен биргеликте улана тургандыгын эки райондун баш имам хатибдери маалымдашты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ