Menu

Жалал-Абад облустук соту Ачык эшиктер күнүн өткөрдү

Бөлүшүү:

Кечээ, 3-ноябрда облустук сотко Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 1-2-курстарынын студенттери жана Укук, бизнес жана билим берүү академиясынын 2-4-курстарынын студенттери келишти. Бул туурасында Жогорку соттун басма сөз кызматы маалымдайт.

Меймандарды облустук соттун басма-сөз катчысы М.Болотов тосуп алып, аларды коштоп, аларга облустук соттун кеңсесине иштер даттануу менен түшкөндөн баштап иштер кантип каралып бүтөөрүнө чейинки 2-инстанциядагы соттун ишмердүүлүгү жана иш алып баруусу боюнча маалымат берди.

Соттун имаратынын жайгашуусу менен таанышып, сот отурумдар залында, судьялардын жана аппарат кызматкерлердин кабинеттеринде болушту. Областтык соттун судьялары Г.Т.Кожобекованын жана А.Ж.Абдраимовдордун кабинеттерине студенттер киришкенде, судьялар аларга соттук иш жүргүзүүнүн принциптери жана 2-инстанциядагы соттордун ишти кароонун өзгөчөлүктөрү тууралу айтып беришти. Маектешүүдөн кийин судьялар Г.Т.Кожобекова жана А.Ж.Абдраимов студенттерди мыйзамдарды урматтоого жана так аткарууга чакырышты, андан соң студенттерге экзамендерин ийгиликтүү тапшырып, келечекте юриспруденциянын эң мыкты профессионалдарынан болуусун каалашты.

Иш-чаранын аягында студенттер ачык соттук отурумдардын жүрүшүн көрүп кетишти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: