Жогорку Кеӊештин депутаттар тобу ушул жылдын 16-17-ноябрь аралыгында Санкт-Петербург шаарында (Россия) өтүп жаткан КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын туруктуу комиссияларынын жыйындарына катышып жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин КМШ ПААдагы өкүлчүлүгүгүнө шилтеме жасап, парламенттин басма сөз кызматы билдирет.
Ошентип, депутат Е.Строкова менен Э.Токтошев КМШ ПААнын Илим жана билим берүү боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынына, ал эми депутат М.Эгембердиев Маданият, туризм жана спорт боюнча туруктуу комиссиясынын ишине катышууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ