Бишкектин айрым райондорунда көгүлтүр от берилбейт. Бул тууралуу бүгүн, 7-декабрда «Газпром Кыргызстан» ЖЧКнын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын маалыматына караганда, 10-12 декабрда оңдоо иштерине байланыштуу Бөкөнбаев, Чуйков, Үмөталиев жана Шевченко көчөлөрү менен чектеш аймактарда жана 10-декабрдан 13-декабрга чейин Көк-Жар айылында газ өчүрүлөт.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ