Menu

ИИМ: Республика аймагында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча атайын иш-чара өттү

Бөлүшүү:

Республика аймагында жол кыймылынын кырсыктарын азайтуу максатында  профилактикалык иш-чаралар уюштурулган. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Ушул жылдын 20-27-ноябрь күндөрү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын кызматкерлери атайын профилактыкалык иш-чара өткөрүшкөн. Мас абалында унаа башкарган айдоочулардын катышуусу менен жол-транспорттук кырсыкты болтурбоо жана алдын алуу максатында аталган иш-чара өтүлдү.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын кызматкерлери тарабынан өткөрүлгөн рейддин жүрүшүндө жол кыймылынын эрежелерин бузган 17758 факты катталган. Анын ичинен:автоунааны мас абалында башкарган 243 айдоочу, жол кыймылынын ылдамдыгынын эрежелерин бузган 1862 айдоочу, жол чырактын белгилерине баш ийбеген 529 айдоочу, жол белгилеринин талаптарын аткарбаган 2387 айдоочу, автоунааны айдоо күбөлүгү жок айдаган 361 айдоочу аныкталып, 642 айдоочунун автоунаасы айып пул төлөөчү аянтчага токтотулган.  Ал эми рейд учурунда айдоочулар тарабынан 10 миллион сомдон ашык айып пул төлөнгөн.

Акыркы учурда  жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин бузган айдоочулар  Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында көп катталган.

ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлери эскертет: Автоунааны мас абалында башкаруу бир гана айдоо күбөлүгүнөн ажыратпайт. Автоунааны мас абалында башкаруу менен кырсыкка кабылуу оор кесепеттерге алып келет. Ошондуктан, мас абалында автоунааны башкаруудан мурда ар бир айдоочу өзүнүн жана башка жарандардын өмүрүн коркунучка алып келээрин ойлонуу керек. Бул иш-чара ар бир аймактарда жүрүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 5 = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: