Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Ташкенттеги «Шаршара» колбаса цехине 70 килограммга жакын эшектин эти жеткирилгендигин расмий ырастады. Маалыматка караганда, цехтин жумушчулары аны башка эттерге аралаштырып колдонушкан.
Эшектин эти борбордогу Gold Premium Product ишканасына таандык цехке Хорезм облусунан алынып келингени кабарланууда.
Бул факты жергиликтүү жарандардын биринин кайрылуусу боюнча өткөрүлгөн мамлекеттик органдардын биргелешкен ыкчам иш-чаралары маалында аныкталган. Ал жаран цехке дайыма бир килограмм эшектин этин 13 миң сумдан (1,5 доллар) жеткирип турганын айткан.
Маалымат боюнча, цехтен көрүнүшү жана жыты боюнча сапатсыз көрүнгөн эттин үлгүсү алынып, экспертизага жөнөтүлгөн. Жыйынтыгында ал адамдын саламаттыгына коркунучтуу эшектин эти деген корутунду чыгарылган. Бул боюнча Кылмыш кодексинин тиешелүү беренелери боюнча кылмыш иши козголду.
Бирок өзбек ишкерлеринин бири рейд Gold Premium Product компаниясынын ээси Лутфулла Убаевге каршы уюштурулган чагым экенин билдирүүдө. Айтымында, 275 килограмм эт цехтен мыйзамдын нормаларын бузуу менен алынып, 21 сааттан кийин гана антисанитария шартында ветеринардык изоляторго жеткирилген.
Цехтин ээси Лутфулла Убаев тиешелүү арызы менен Өзбекстан президентинин алдындагы Ишкерлик субъектилердин укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча өкүлгө кайрылды.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ