Тажикстандагы мунапыс менен абактан бошотулган адамдар кайрадан кылмышка барды. Бул тууралуу Тажикстан ИИМинин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, эркиндикке чыккан адамдын 60тан ашыгы эки жумадан кийин эле кылмыш жасашкан. Алардын көбү уурулукка шектелип кармалса, бирөөсү зордуктоо айыбы менен камакка алынган.
Эске сала кетсек, быйыл, октябрь айында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон мамлекеттин Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 25 жылдыгына карата «Мунапыс» тууралуу мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, 20 миңден ашык адамга ырайым берилмек. Өткөн жумада, Коопсуздук кеңешинин жыйынында, он миңге жакын адам мунапыстын негизинде эркиндикке чыгып же жазалары жеңилдетилгени айтылган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ