Menu

Видео – Тажикстан килемсиз калды

Бөлүшүү:

Жакында Тажикстан бийлиги ата-мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында өлкөгө килем алып кирүүдөгү бажы алымдарын жогорулаткан. Бирок мындай чаралардан улам өлкөдөгү соода жайларда килемдер кыйла азайып кетти.

Буга чейин Дүйшөмбү базарларында Ирандан, Түркиядан жана Түркмөнстандан келген кооз оймолуу, көп түстүү килемдердин түрүн табууга болор эле. Бирок күн өткөн сайын текчелер бошоп, тандоо азайып, жергиликтүү өндүрүүчүлөр сырттан келген килемдердин ордун толтура албай калышты.

Жергиликтүү тургун Сафарали Рахматшоев он жылдан бери килем сатуу менен алектенип келген. Бирок бажы алымдары жогорулап, килем сатуу пайдасыз болуп калгандан кийин ишин алмаштырууга туура келген. “Килемдерди чек арадан өткөрүү үчүн биз өткөн жылкыга караганда эки эсе көп акча төлөп калдык. Ошондуктан сатып алуучулардын бар экенине карабастан Түркиядан товар алып келүүнү токтоттук”, – деди ал.

Өкмөт өткөн жылы да килемдерди алып кирүүдөгү бажы алымдарын 15 пайыздан 30 пайызга чейин жогорулаткан. Бирок тескерисинче, бул тармактагы бажы жыйымы үч миллион долларга азайган. Ага соодагерлердин сырттан килем алып келүүнү токтотуп, өлкө ичинде өндүрүлгөн же мурдагы жылкыдан калган товарды сатууга өткөнү себеп болгон. Буга байланыштуу өлкөдө килемдин баасы да кыйла көтөрүлүп кеткен.

Бүгүнкү күндө Тажикстанда килем өндүрүү менен төрт фабрика алектенет. Өндүрүүчүлөр товарларынын сапаты сырттан алынып келинген килемдерге салыштырмалуу начар экенин моюндарына алышат. Алар башка базарлардын пайда болушу менен фабрикалардын кубаттуулугу артып, жаңы жабдууларды сатып алуунун аркасы менен килемдердин сапаты жогорулайт деп үмүттөнүп келишет.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: