Menu

Рогун ГЭСинде эки киши көчкү алдында калды

Бөлүшүү:

Тажикстандын Рогун ГЭСиндеги курулуш аянтында экскаватор айдоочусу болуп иштеген 60 жаштагы Бахтиёр Файзовдун туугандары бийликтен анын сөөгүн табууга көмөктөшүүнү сурады.

Алардын айтымында, Бахтиёр Файзов дагы бир жумушчу менен бирге курулуш аянтындагы көчкүнүн айынан тирүүлөй көмүлүп калган.

«Бир нече күн өткөндөн кийин анын сөөгүн өзүбүз издөөнү чечтик. Бирок бизди курулуш аянтына киргизишкен жок. Ал жер стратегиялык объект экенин айтышты. Биздин өтүнүчүбүздөн кийин объектинин коопсуздук кызматкерлери менен окуя болгон жерге бардык. Күбөлөрдүн айтымында, алар 60 метр тереңдикке түшүп кетишкен, – деди маркумдун тууганы Амрихудо Амрихудоев.

Кырсык болгон жерди экскаватор менен казышкан. Бирок жумушчулардын сөөгү табылган эмес.

Рогун ГЭСинде 2018-жылы курулуш аянтындагы кырсыктан алты киши өлүп, жетөө жаракат алган. Алардын бири Кытай жараны болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: