Menu

Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршылар БШКга арыз жолдошту

Бөлүшүү:

Оппозициячы саясатчылардын жана жарандык коом өкүлдөрүнүн бир тобу Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө каршы үгүт иштерин жүргүзүүгө уруксат сурап БШКга кайрылышты. Жарандык коом өкүлү Рита Карасартованын “Азаттыкка” билдиргени боюнча, БШКга арыз 8-ноябрда берилген:

-Азырынча бизге эч кандай жооп жок. Шайлоо жана референдум тууралуу мыйзамдарга ылайык, биздин топ үгүт жүргүзүүгө укук алып катталса, Коомдук телеканалдардан бизге прайм-тайм убактысында акысыз, башка учурда акы төлөнүүчү эфир убактысы бөлүнүп берилүүгө тийиш.

Карасартова буга чейин бийлик тарабынан Баш мыйзамга өзгөртүү керек дегенден башка шайлоочуларга эч кандай маалымат берилген жок деп билдирди.

Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы үгүт жүргүзүү арызы менен оппозиционерлер Адил Турдукулов, Равшан Жээнбеков, Бегалы Наргозуев жана Мавлян Аскарбеков да Боршайкомго кайрылышкан. Бул топ да азырынча БШКдан катталганы тууралуу расмий маалымат бериле электигин ырастоодо.

БШКнын сайтында референдумду өткөрүү боюнча бардык каалоочулар үгүт жүргүзүүгө укуктуу деп жазылган. Ага ылайык, үгүт жүргүзүүгө арыздар берилген күндөн тартып он күн ичинде каралат.

Референдумга чыгарылган маселе боюнча үгүт иштери жалпы элдик добуш берүүгө 24 саат калганда токтотулат.(ZKo)

Булак: “Азаттык”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 − = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: