Баткен облусунун Кадамжай районунда мечиттердин сырткы көрүнүштөрү, дааратканалары жана айланасы жергиликтүү жашоочулардын көмөгү менен оңдолуп, тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы билдирет.
Мындай иш аракеттер облус казысы Муса ажы Жолдошовдун тапшырмасы, жергиликтүү имамдардын демилгеси аркылуу аткарылууда.
Ашар жолу менен мечиттерди оңдоо иш чараларынын бири кечээ,10-декабрь күнү Кадажай районунун Халмион айыл өкмөтүндөгү “Эш бий” мечиттинде айыл имамынын демилгеси менен уюштурулду. Мечит имамы Абдуразак Хожаевдин айтымында иш чаранын алкагында жергиликтүү жашоочулар менен биргеликте даараткананы оңдоп-түзөп, ыңгайлуу шарттарды түзүү аракеттинде курулуш иштери учурда жүргүзүлүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ