Ансыз да элибиздин капчыгын эки буттуу «карышкырлар» капшырып аткан кез. Чиновниктердин чийинден тыш чалчаңдоосу элдин таман акы маңдай теринен чогулган салыктан каржыланаары турган иш. Бирок ошол эле маалда бюджетти бүргөдөй соруп олтурган чиновниктер элге эмне кылып атат? Дегеним, азыр кыш-күрөө. Республикабыздын алыскы аймактарында карышкырдын күч болуп жатканы айтылууда. Буга ким чара көрөт? Атылган карышкырга сыйлык акча берилип, атайын мергенчилерди карышкыр атууга жиберген көрүнүштөргө күбө болуп калчу элек. Азыр деле ушундайбы? Же биздин өлкөдө жалаң «инохотага» уруксаат берилгенби. Токой-чарба агенттигинин жетекчиси Абдыкалык Рустамов бул жаатта «аа» деп ооз ачканга жарабай келет. Абдыкалык мырзанын Айда жашаган киши өңдөнбөй жерге түшөөр күнү болобу? Аталган маселеге кайдыгер карабай, карышкыр менен күрөшүүнү күчөтсө туура болмок.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ