Menu

Видео – Азимбек Бекназаров: “Мадумаров экөөбүз кыйкырганды гана билебиз. Бирок мен айырмаланып турам”

Бөлүшүү:

Ушинтип 16-январда Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров Мадумаровдун бийлик кызмат берип сатып алып жатат деген сынына жооп катары басма сөз жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Адахан Мадумаров ага караганда акылдуу, чырайлуу жана жаш бакырчаак экен.

“Мен андан айырмаланып турам. Ал кол койгон документтерге мен кол кйогон эмесмин”, -деди элчи.

Анан Мадумаровдун колу турган документтерди тизмектеди: Каркыра, Маймак сыяктуу кыргыз жерлерин казак тарапка өткөрүп берүү, Баткендеги жерди ижарага берүү жөнүндө меморандум, Көлдөгү 4 жер тилкесин Казакстанга берүү, азыр алар анклав болуп калган экен.

Ал Мадумаров Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп туруп, өз милдетинен аша чаап, Тажикстан менен меморандумга кол койгонун айтты. “2005-жылы мен Бакиевге кирип, Мадумаровду социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр кылып дайындоону сурангам. Ошондон кийин эле азыркы Даниил Уруцкий, мурдагы Данияр Үсөнов менен жетелешип калган”, – деди Бекназаров.

Мындан тышкары Мадумаровдун башка “күнөөлөрү” жөнүндө да айтып берди – “100% партиялык тизмени киргизди, Бакиевдин алдында президенттик кеңешти түзүүнү сунуш кылды (бир гана Апрель революциясы тоскоол болуп калды), “Ак Жол” партиясын түзүшкөн, 2009-жылы Центерра менен жаңы келишим түзүүнү колдогон”, – деди ал.

“Экөөбүз көп жагынан окшошпуз. Бирок мен документтерге кол койгон эмесмин”. –деди Бекназаров дагы бир жолу.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: