Кыргызстандын тарыхында 22-декабрда “gasauction.srs.kg” сайтында биринчи жолу радио толкунду сатуу боюнча онлайн-аукцион өттү. Бул тууралуу Маалымат технологиялары жана байланыш мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы билдирди. Сатыкка он жылдык мөөнөт менен колдонуу үчүн эки радио жыштык коюлган. Аукциондун баштапкы баасы 205,3 миллион сомдон башталган. Катышуу үчүн беш компания ниетин билдирип, бирок “Альфа Телеком”, “Скай Мобайл” (“Beeline”) гана компаниялары кепилдик төлөмдөрдү төлөп, онлайн-каттоодон маалында өткөн. Жеңүүчү деп “Альфа Телеком” компаниясы табылган. Ал 431 миллион 29 миң 200 сом сунуштаган. Кызык, «МегаКом» өзү сатыкка коюлуп жатып, анан оңбогондой каражатка радио жыштык сатып алып жатканы кандай? Логика жок. Андай болсо «МегаКомду» эмнеге сатып жатабыз? Же эптеп акча кымырмайдын айласыбы?
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ