КРнын мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасынын орун басары Райымбек Матраимов тууралуу акыркы учурларда ар кандай кабарлар тарап кеткен.
Айрымдар “өлкөдөн качып кетиптир” деп да чыгышкан. Бирок, Райымбек мырза эч кайда качпай эле Кыргызстанда. Болгону кызматтан кеткен соң чет өлкөгө барып, бир аз эс алып кайра келген. Учурда ЕРЕМ спорт клубуна барып, андагы спортчу балдарга кеп кеңешин айтып, колдоосун көрсөтүп, жакында Азияда өтүүчү клубдар аралык чемпионатка даярданып жаткандыгын айтып өттү. Ага улай эч качан Кыргызстандан башка жакка качпай тургандыгын, анткени Кыргызстан ата-мекени экенин, колунан келсе өлкөнүн өнүгүшү үчүн ар дайым кызмат кылууга даярдыгын баса белгиледи.
Булак: Майдан.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ