Menu

Кенже Көбөкова, ырчы: “Болбой баратса, мугалим болом… “

Бөлүшүү:

Филармонияда улуттук ырларды ырдап, тойлордо эстрадалык ырларды созолонткон Кенже Көбөкованы көпчүлүк сүйүктүү ырчысы катары жакшы тааныйт. Тойдун убагы бүтүп, ырчылар өздөрү айтмакчы тыныгуу мезгили башталды. Учурда ырчы айым эмне менен алектенип жатты болду экен деп кабарлаштык.

—Кенже айым, тойлор бүтүп бир аз бошоп калгандырсыз. Эмне менен алектенип жатасыз?

—Улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата Филармонияда чоң кече болот. Андыктан биздин жамаат кызуу даярданып жаткан кези. Буюрса, сахнага «Ак кеме» деген жаңы ырымды ырдап чыгам. Жаздырып даярдап койдум. Бул концерт башкалардан айырмаланып, президенттин өзүнүн катышуусунда болот дешкендиктен ого бетер катуу даярдык көрүп жатабыз. Мындан сырткары майда-чүйдө концерттер болуп жатат. Жаңы жылдык кечелерге да тартылуу башталды. Кыскасы таптакыр тыным жок.

—Мурдагыдай сиздин үнүңүздү пайдаланып акча тапкан шылуундар жоголдубу же дагы деле чыгып жатабы?

—Менин ырларымдын минусовкаларынан пайдаланып акча топтогондор жоголду. Бул иш токтогон. Дагы эки-үч жыл бул үн жазууларды өзүм колдонсом, анан интернетке өзүм эле жайгаштырып коём. Эмгегимди бирөөнүн пайдалануусун таптакыр каалабайм. Ошон үчүн «тапкан наныңды башкалардын ырын уурдабай тап» деп айтып, түшүндүрүп койгом. Эми андай ээн баштыкка эч ким барбайт деген ишенимим бар.

—Филармонияда иштейсиз, айлыгыңыздар өкмөт айткандай көтөрүлдүбү?

—Ооба, мурдагыдан көп айлык алып, кенелип эле калдык. Баскан-турганыбыздын баарына ошол акча жетет дебейм. Тойдон, концерттерден түшкөн акчаларыбыз деле жаман эмес. Кыскасы, айлык маселесине арызданбайбыз.

—Шоу бизнестин ушактарынан, интригаларынан чарчаганда микрофонду ыргытып жиберип басып кеткен күндөрүңүз болду беле?

—Жаңы иштеп жүргөндө болгон. Сиз айткандай ар кандай сөздөрдүн оордугун көтөрө  албай, басып кетким келчү. Азыр көнүп калдык. Ар бир жумуштун ысык – суугу бар. Аны көтөрүп иштесең гана ийгиликтер болоорун өзүмдүн тажрыйбамдан улам билем.

—Жаңы ырлардын үстүндө иштеп жатасызбы?

—Буюрса. Куйөрмандарымдын жүрөгүн кубанткан ырларды бат-бат жаңылап тартуулап тургум келет.

—Ырчылардын көпчүлүгү бизнес ача баштаптыр, сиздин да бизнесиңиз барбы?

—Күнүмдүк оокатка кичине көмөк болгон бирин-экин иш жана айылда байкелерим карап жаткан мал бар. Эмне иш, анан малдын сан, түрү жөнүндө сөз кылбай эле коёлу.

—Сахна жаштыкты сүйөт. Сахнадан кеткен соң кандай жумуш аткарайын деп пландап койдуңуз?

—Сахнасыз турмуш жолумду элестете албайм. Күч-кубат жетишинче элимди жаңы обон-ырлар менен кубантууга аракет жасайм. Таза эле болбой калса, бир кездеги мугалимдик кесибиме кайрылам да.

—Быйылкы сезондо үй алдым, машина алдым деп сахналаштарыңыз санап бутө албайт. Сиз иштегениңизге эмне алдыңыз?

—Биз деле эл катары 15 жылга жакын маданияттын ар тараптарында кызмат өтөп жүрүп, ата-энемдин, бир туугандарымдын жардамы менен үйлүү-жайлуу болдук, машина миндик. Бирок бир аз да болсо чыгармачылыгымдан алдыга жылыш болду деп ойлойм.

—Кыздын бактысы үй-бүлө дешет эмеспи, колуңузду сурагандар барбы?

—Албетте бар. Бирок он бешке чыгып калган уулумдун ой-пикири менен бүгүн эсептешпесем болбойт да. Азырынча, анын бул маселе боюнча бекем, так ою быша элек.

—Социалдык тармакта көп олтурасызбы?

—Элдин көбү эле жумуштарын социалдык тармак аркылуу бүтүрүп калышпадыбы. Андыктан мен дагы көбүрөөк киргенге аракет жасайм. Күйөрмандарым менен сүйлөшөм, тойлорго чакырууларды алам, кээ бир тааныштардын жашоосунда эмне болуп жатканын билип турам. Эми бир кирсем таптакыр эле олтуруп албасам керек, бирок бош болгондо кирип карап турамын.

Маектешкен: Сезим Мураталиева

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: